21-февраль – Эл аралык эне тили күнү - Восточный Кампус Международного Университета Кыргызстана

21-февраль – Эл аралык эне тили күнү

2023-жылдын 21-февралында Кыргызстан эл аралык университетинде “Көп тилдүүлүк, көп маданияттуулук – достуктун жана өнүгүүнүн символу” аттуу темада ЖОЖдор аралык студенттик илимий-тажрыйбалык конференциясы болуп өттү. Конференцияда ар улуттун өзүнүн тилиндеги докладдар окулуп, кызуу талкууга алынды. Катышуучулар тарабынан конференциянын жүрүшүнө ыраазычылык пикирлер айтылды жана артыкчылыгы, бардык жерде ырдалып жаткан мамлекеттик  гимн бул жерде өзгөчөлөнүп жандуу үн менен ырдалгандыгы экендигин баса белгилешти. Негизинен конференция жогорку деңгээлде өттү деп бааланды. Ошондой эле университетте Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик тил кабинетинин ачылышы болду.  Конференциянын жыйынтыгында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн Кыргызстан эл аралык университети министрликтин ыраазычылык катына жана баалуу сыйлыгына татыды.

 

Язык является важнейшим инструментом сохранения и развития человеческого наследия. Ежегодно 21 февраля жители всей земли отмечают День родного языка. 21 февраля 2023 года в УНПК «МУК» состоялась межвузовская студенческая научно – практическая конференция, приуроченная к этому дню. В ней приняли участие более 120 студентов из двенадцати вузов республики. По оценкам участников конференция прошла на высоком уровне. Участники выступили с докладами на своих родных языках с аннотацией на государственном языке. Также состоялось открытие кабинета государственного языка имени Ч. Айтматова.