«Ак ийилет, бирок сынбайт» - Восточный Кампус Международного Университета Кыргызстана

«Ак ийилет, бирок сынбайт»

«Ак ийилет, бирок сынбайт» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциясынын 1- бөлүгү 2022-жылдын 10-март күнү  Кыргызстан эл аралык университетинин Окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин Кыргыз жана орус тилдер  кафедрасы, Мамлекеттик тил сектору менен биргеликте «Ата Бейит» улуттук-тарыхый комплексинде бул өмүрдөн өткөндөргө куран окутуу менен өз ишин баштап, тоталитардык режимдин курмандыктары болгон патриот инсандардын бир мезгилдерде кыргыз элинин келечеги үчүн  жасаган иштери белгилүү илимпоздор, окумуштуулар, окутуучулар жана  студенттер тарабынан эскерүү өткөрүлдү.

Чыңгыз Айтматов баш болгон бир топ көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду. Алардын ишмердүүлүгүн жыл сайын эскерип туруу — ар бир кыргыз жаранынын ыйык парзы экендиги баса белгиленди. Андан кийин Кыргызстан эл аралык университетинин Борбордук кампусунда, жыйындар залында Пленардык жыйын өткөрүлүп, төрт багыттагы секция боюнча окутуучулар арасында кызуу талкуулар болуп өттү. Ушул эле жылдын 11-март күнү Касым Тыныстановдун кичи мекени болгон, Чырпыкты айылындагы окумуштуунун аты берилген мектепте конференциянын экинчи бөлүгү улантылып, илимпоздор, санжырачылар, окумуштуулар жана окутуучулар арасында кызыктуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Конференциянын жыйынтыгында окутуучулардын берген сунуштарынын негизинде резолюция (чечим) кабыл алынды.Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерди эскерип туруу максатында семинарларды, инсандарга арналган окууларды, репрессия курмандыктарына арналган форумду жыл сайын өткөрүү сунушу жактырылды.