Семинардан кийинки ойлор - Восточный Кампус Международного Университета Кыргызстана

Семинардан кийинки ойлор

Кыргызстан эл аралык университетинин алдында уюшулган мамлекеттик тил кызматынын уюштуруучулугу астында 2024-жылдын 11-октябрында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институту менен Кыргызстан эл аралык университетинин ортосунда академиялык тажрыйба алмашуунун алкагында “Мамлекеттик тилди окутуудагы инновациялар жана заманбап окутуу ыкмалары” аталышындагы семинары болуп өттү. Семинарга Кыргызстан эл аралык университетинин мамлекеттик тил дисциплинасынын окутуучулары жана билим берүү департаментинин директору Асель Туратбековна катышты. Бул кызматташтык мамлекеттик тилди окутуучулардын кызыгуусун жарата алды жана мындан ары инновациялык ыкмаларды сабакта колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу максатындагы 72 сааттык билимин жогорулатуу семинарын өтүүнү белгилешти. Семинар ноябрь айында Кыргызстан эл аралык университетинин базасында өтүлүшү күтүлүүдө.