Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгын аткаруунун алкагында Эл аралык Кувейт университетинде 48 сааттык “Тарбия кербени” аталышындагы курстук сабактар болуп, ага Кыргызстан эл аралык университетинен 5 студент жана лекторлор катышып келишти. Курста «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Улуттук нарк баштаган жазылбаган мыйзамдары, кыргыз эли ыйык туткан улуу баалуулуктар, карманган салттары, тили, маданияты элдин тарыхы жөнүндөгү кызыктуу талкуулар, лекциялар өткөрүлдү. Биздин университеттин студенттери өздөрүнүн жигердүү катышкандыгы үчүн тастыктамалар алып кайтышты. Аталган семинарга катышкан 8 жогорку окуу жайларынын студенттери кызматташтыкты бекемдөө жана бул семинарды мындан ары улантуу максатын көздөгөн биримдик түзүп тарашты.




