Кыргызстан эл аралык университетинин алдында уюшулган мамлекеттик тил кызматынын уюштуруучулугу астында Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата “Куйкум сөздүү кыргызым” аттуу темадагы иш чара өткөрүлдү. Тилге болгон мамиленин өтө олуттуулугу жана аны сактоо маселеси жөнүндө «КЭАУ» ОИӨКнын мамлекеттик тил боюнча проректору М.М. Мадалиев баса белгиледи жана куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Иш чара кыргыз-орус тилдери кафедрасынын кыргыз тили дисциплинасынын ага окутуучусу, ардактуу доцент Мырзакматова М.О. жана ага окутуучу Орунбаева С.А. тарабынан даярдалып, жогорку деңгээлде жүзөгө ашырылды. Иш чараны мамлекеттик тил кызматынын адистери С.С. Рыспаева жана Б.С. Кинжеевалар уюштурушту. Бул иш-чара студенттердин чыгармачылыгы менен даярдалып, бир канча ЖОЖдордун катышуусундагы майрамдык иш-чара болду.