«Кылым карыткан тарых жана улуу мурас» кереге кеңеши - Восточный Кампус Международного Университета Кыргызстана

«Кылым карыткан тарых жана улуу мурас» кереге кеңеши

2024-жылдын 23-сентябрында Кыргызстан эл аралык университетинин алдында уюшулган мамлекеттик тил кызматынын уюштуруучулугу астында Кыргыз автономиялуу облусусунун 100 жылдыгына жана Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата «Кылым карыткан тарых жана улуу мурас» аттуу темадагы кереге кеңеши өткөрүлдү. Кереге кеңешке Жогорку Кеңештин депутаты Айдарбеков Чыңгыз Азаматович катышып, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү тууралуу маанилүү маалымат жасады. Кереге кеңешке КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын башкы адиси Кадырова Зинат Туратбековна катышып, куттуктоо сөзүн билдирди жана багыттар боюнча терминдик сөздүктөр китептерин тапшырды. Андан сырткары Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти социология илимдеринин кандидаты Малтабаров Бакыт Акимович жана Жусубалиев Абдикайым Рысбаевич, ага окутуучу Матиев Болот Тилекович, КЭАУ ОИӨКнын профессору Борбодоев Ж.М., философия илимдеринин кандидаты Ибраев Кубаныч Шаршекеевич, т.и.д., профессор Акеров Т.А, ага окутуучу Мендеева К.Ж, ага окутууту КЭАУ ОИӨКнын карьера бөлүмүнүн директору Кельдибаева Н.Б. жана университеттин студенттери катышты. Кереге кеңеш кызуу талкуу менен өтүп, бир катар иш-чаралардын аткарылышы милдеттендирилди жана толук колдоого алынды.