2021-жылдын 17-декабрында Кыргызстан Эл аралык университетинде магистранттар, PhD докторанттар жана жаш окумуштуулар үчүн “Глобалдык чакырыктардын контекстинде социалдык өнүгүүнүн актуалдуу маселелери” деген темада университеттер аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Илим жана эл аралык мамилелер боюнча проректор М.С. Байходжоев куттуктоо сөзүндө бул конференция коомдук актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошоорун, андан ары жемиштүү иштөөгө түрткү берерин жана конференциянын сунуштары практикалык колдонулаарын белгиледи.
Конференцияга өлкөнүн ар кайсы университеттеринен: Кыргызстан Эл аралык университетинен, Кыргызстан Эл аралык университетинен, М. Рыскулбеков атындагы экономика университетинен, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, МУКР ПКсынан жана Таалим орто кесиптик билим берүү колледжинен магистранттар, PhD докторанттар, жаш окумуштуулар жана студенттер катышты.
Конференциянын катышуучулары глобалдык чакырыктардын контекстинде коомдук өнүгүүнүн актуалдуу маселелери боюнча баяндамаларды жана презентацияларды жасашты.
Конференциянын жыйынтыгында бардык катышуучулардын баяндамаларынын тезистеринин жыйнагы жарыяланат.
