Инновациялык дистанттык окутуу факультети - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

Инновациялык дистанттык окутуу факультети

Савченко Елена Юрьевна

«КЭАУ» ОИӨК КэББМ ИДОФтун ректору

 

Адрес: Центральный кампус МУК, г. Бишкек, 720007 

ул. Л. Толстого 17А/1, здание Президиума, 2 этаж

Тел.: + 996 778 509 824

Emailinternationaloffice@iuk.kg

Джетыбаева Жылдыз Болотбековна

КЭАУ» ОИӨК КэББМ ИДОФтун деканы

 

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Л. Толстой көчөсү 17а/1, 310-иш бөлмөсү

Тел: +996 312 64 23 35, +996 557 75 55 54

E-mail: djetybaeva.jyldyz@mail.ru

Дистанттык билим берүү технологиялар борбору (ИДОФ КэББМ)

 

«Мультимедиалык дистанттык окутуу институту» коммерциялык эмес билим берүү мекемеси (ИДОФ КэББМ) Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы токтомуна ылайык түзүлгөн «Кыргызстан эл аралык университети» окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

 

«Мультимедиалык дистанттык окутуу институту» КэББМ өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, «Мультимедиалык дистанттык окутуу институту» КэББМдин Уставына жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка укук-ченемдик актыларга ылайык жүргүзөт.

 

«ИДОФ» КэББМдин миссиясы:

 

Өлкөнүн жарандарына расасына, улутуна, социалдык абалына, жынысына карабастан жогорку кесиптик билимдин жеткиликтүүлүгү чөйрөсүндө Кыргызстандын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү; экономика, бизнес, маалыматтык технологиялар, эл аралык укук багыттары боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо.

 

«ИДОФ» КэББМ өз ишмердүүлүгүндө төмөнкү максаттарга жетүүнү көздөйт:

 

  • Натыйжалуу окутуунун жана илимий изилдөөлөрдүн негизинде иштеп жаткан билимдерди жайылтуу жана жаңы билимдерди түзүү.
  • Жалпы адамзаттык моралдык баалуулуктарды бөлүшкөн, улуттук маданияттын негиздерин өздөштүргөн жана маданияттар диалогуна жигердүү катышууга жөндөмдүү, өз алдынча ой жүгүрткөн инсанды тарбиялоо.
  • Социалдык-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий чөйрөлөрдө кесипкөй-лидерлерди даярдоо.
  • Кыргызстандын жалпы маданий өнүгүүсүнө көмөктөшүү.

 

«ИДОФ» КэББМ төмөнкү багыттар боюнча адистерди даярдайт:

 

Бакалавриат — сырттан (дистанттык) окуу түрү:

  • 530500 «Юриспруденция»
  • 540200 «Социалдык иштер»
  • 580100 «Экономика»
  • 580200 «Менеджмент»
  • 710200 «Маалыматтык системалар жана технологиялар»
  • 531000 «Филология»
  • 600200 «Туризм»
  • 581000 «Маркетинг»