Деканаты - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

Деканаты

Волкотрубова Альбина Владимировна

Магистратуранын деканы

 

Дареги: 720007, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Л.Толстой көч. 17А/1, 604-иш бөлмөсү

Телефону: (996-312) 35-12-39

Моб: 0500 718 400

Email: albina.volkotrubova@iuk.kg

Сотникова Ольга Алексеевна

Магистратуранын адиси

 

  • Дареги: 720007, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Л.Толстой көч. 17А/1, 604-иш бөлмөсү

    Телефону: (996-312) 35-12-39

    Моб: 0552 982 165

    Email: olga.sotnikova@iuk.kg

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин магистратурасынын максаты – магистранттарды илимдин, билим берүүнүн жана өндүрүштүн тиешелүү тармагында өз алдынча изилдөө ишмердүүлүгүнө, атаандаштыкка жөндөмдүү, жогорку квалификациялуу адистер катары даярдоо.

Магистрдик даярдоо программалары бакалавриаттын билим берүү-кесиптик программаларына негизделип, эки тең бөлүктөн турат: билим берүү-кесиптик жана илимий-изилдөө бөлүктөрү.

Окуу процесси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык келген окуу пландарынын жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү өнөктөш университеттердин билим берүү программаларынын негизинде курулган. Магистрдик даярдоо программалары боюнча окуунун нормативдик мөөнөтү 2 жыл, 2,5 жылды түзөт. Магистрдик программа боюнча планды аткарган адамдарга тиешелүү багыттар боюнча белгиленген үлгүдөгү диплом берилет. Кошумча, бүтүрүүчүнүн каалоосу боюнча дипломго европалык үлгүдөгү тиркеме (Diploma Supplement) берилет.

Илимий ишмердүүлүк

Магистрдик даярдоо программалары илимий-изилдөө, илимий-педагогикалык жана илимий-өндүрүштүк ишмердүүлүккө багытталган. Илимий-изилдөө иштерин аткаруу илимий талдоо жана синтез жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө, статистика жана болжолдоо методдорун колдонууга, илимий методологияны өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Магистрант илимий макалаларды, илимий долбоорлорду, ошондой эле илимий иштерди жазуу көндүмдөрүн өздөштүрөт. Жыл сайын магистранттар үчүн ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.