ENACTUS
Enactus (мурунку аталышы SIFE) — дүйнө жүзү боюнча студенттерди, бизнес лидерлерин, университеттерди бириктирген эң ири эл аралык коммерциялык эмес уюм.
Enactus командалары адамдардын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатууга багытталган өз долбоорлорун иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.
Enactus’тун ийгиликтүү долбоорлору деп реалдуу жана өлчөнүүчү натыйжаларды алып келген долбоорлор гана таанылат. Ошол эле учурда студенттер өз долбоорлорун ишке ашырууда олуттуу практикалык тажрыйба алышат. Командалар долбоорлордун масштабын жана санын, алардын багыттарын жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн өздөрү тандашат. Enactus долбоорлору коммерциялык, пайда алып келүүчү, ошондой эле социалдык болушу мүмкүн.
Enactus командаларынын мыкты долбоорлору үзгүлтүксүз конкурстардын системасы аркылуу аныкталат: аймактык, улуттук жана эл аралык.
Кыргызстандагы Enactus миссиясы: Социалдык ишкердүүлүктү өнүктүрүү аркылуу Кыргызстандын калкынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу.
Кыргызстан эл аралык университетинин SIFE командасы 1996-жылы түзүлгөн, республикадагы алгачкы командалардын бири. Өз ишмердүүлүгүнүн жылдарында команда көп ийгиликтерге жетишти. Жаштыгына карабастан, КЭАУнун SIFE командасы терең из калтырып, көптөгөн тармактарда өздөрүн көрсөтө алышты. 2002-жылы 31-майда КЭАУнун SIFE командасы улуттук чемпион болду.
Учурда университетте Enactus IUK командасы иштейт, алар улуттук мелдештердин эки жолку финалисттери.
Биздин миссиябыз: Билимибизди, жөндөмүбүздү жана билгичтиктерибизди бириктирип, адамдардын жашоосун жакшыртуу.
Максаты: Ишкердүүлүк аркылуу өнүгүү
Көз караш: Эл аралык ишкердүүлүк деңгээлине жетүү.
Позициялоо: Кичинекейден улуу максаттарга карай.
