Башкы эсепчи:
Жаналиева Алмагул Болотбековна
Дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көч., 17а/1, 306а-иш бөлмөсү.
Телефону: (312)64 23 29
Электрондук дареги: unpk.buh@iuk.kg
Улук эсепчи:
Бексултанова Мээрим Романовна
Дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көч., 17а/1, 306а- иш бөлмөсү.
Телефону: (312)64 23 29
Электрондук дареги: unpk.buh@iuk.kg
Эсепчи-кассир:
Орозматова Махабат Замировна
Дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көч., 17а/1, 402-иш бөлмөсү
Телефону: (312)64 23 39
Электрондук дареги: unpk.buh@iuk.kg
Эсепчи-кассир:
Шатемирова Мээрим Шатемировна
Дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көч., 17а/1, 304- иш бөлмөсү
Телефону: (312)64 11 26
Электрондук дареги: unpk.buh@iuk.kg
Эсепчи:
Усенканова Чолпон Бахдаткановна
Дареги: 720000, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Лев Толстой көч., 17а/1, 304- иш бөлмөсү
Телефону: (312)64 11 26
Электрондук дареги: unpk.buh@iuk.kg
Функционалдык милдеттери:
- «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин бухгалтердик эсебин жүргүзүү жана отчеттуулугун түзүү;
- «КЭАУ» ОИӨКнын КэББМдин материалдык-каржылык баалуулуктарынын сакталышын жана «КЭАУ» ОИӨКнын КэББМдин материалдык-каржылык каражаттарынын туура пайдаланылышын камсыз кылуу;
- Эмгек акыны эсептөөнү жана чегерүүнү, ар кандай деңгээлдеги бюджеттерге салыктарды жана жыйымдарды, банк мекемелерине төлөмдөрдү чегерүүнү жана которууну камсыз кылуу;
- Ички чарбалык резервдерди аныктоо, чыгымдарды жана натыйжасыз сарптоолорду четтетүү боюнча чараларды көрүү;
- Заманбап техникалык каражаттарды жана маалыматтык технологияларды киргизүү;
- Бухгалтердик документтердин өз убагында жана туура таризделишин көзөмөлдөө;
- Кол алдындагы аткаруучулар үчүн дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу, алардын эмгекти коргоо боюнча мыйзамдык жана укук-ченемдик актылардын талаптарын сактоосун көзөмөлдөө;
- «КЭАУ» ОИӨКнын КэББМдин экономикалык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу боюнча иштерди аткаруу;
- Экономикалык маалыматтардын базасын калыптандыруу, жүргүзүү жана сактоо;
- Белгиленген мөөнөттөрдө жогору турган жана көзөмөлдөөчү органдарга мезгилдүү отчетторду даярдоо;
- «КЭАУ» ОИӨКнын КэББМдин профессордук-окутуучулук курамынын, административдик-башкаруу жана техникалык кызматкерлеринин жылдык тарификациясын түзүү;
- Чарбалык-каржылык ишмердүүлүктүн бухгалтердик эсебин уюштурууну жүзөгө ашыруу жана материалдык, эмгектик жана каржылык ресурстардын үнөмдүү пайдаланылышын, «КЭАУ» ОИӨКнын КэББМдин мүлкүнүн сакталышын көзөмөлдөө;
- Мүлктүн, милдеттенмелердин жана чарбалык операциялардын, келип түшкөн негизги каражаттардын, товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын, чыгашалар сметасынын аткарылышынын, жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) аткарылышынын, каржылык-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарынын, ошондой эле каржылык, эсептешүү жана насыялык операциялардын эсебин уюштуруу, алардын кыймылы менен байланышкан операциялардын бухгалтердик эсеп-кысап эсептеринде өз убагында чагылдырылышын камсыз кылуу;
- Баштапкы жана бухгалтердик документтерди, эсептешүүлөрдү жана төлөм милдеттенмелерин тариздөө тартибинин сакталышын, эмгек акы фондунун сарпталышын, негизги каражаттарды, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын инвентаризациялоону, «КЭАУ» ОИӨКнын КэББМдин бөлүмдөрүндө бухгалтердик эсеп-кысапты жана отчеттуулукту уюштурууну текшерүүнү, ошондой эле документалдык ревизияларды өткөрүүнү көзөмөлдөө;
- Штаттык, каржылык жана кассалык тартиптин, административдик-чарбалык жана башка чыгашалардын сметасынын так сакталышын камсыз кылуу, бухгалтердик эсеп-кысап эсептеринен кемчиликтерди, дебитордук карыздарды жана башка жоготууларды эсептен чыгаруунун мыйзамдуулугун, бухгалтердик документтердин сакталышын, аларды тариздөөнү жана белгиленген тартипте архивге тапшырууну камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү;
- «КЭАУ» ОИӨКнын КэББМдин туруктуулугун камсыз кылуу үчүн каржылык каражаттарды топтоо боюнча чараларды көрүү;
- Эсеп-кысап жүргүзүү иштерин максималдуу борборлоштуруу жана заманбап техникалык каражаттарды жана маалыматтык технологияларды, эсепке алуунун жана көзөмөлдөөнүн прогрессивдүү формаларын жана ыкмаларын колдонуунун негизинде бухгалтердик эсеп-кысапты жана отчеттуулукту сабаттуу уюштурууну камсыз кылуу, «КЭАУ» ОИӨКнын КэББМдин ишмердүүлүгү, анын мүлктүк абалы, кирешелери жана чыгашалары жөнүндө толук жана ишенимдүү бухгалтердик маалыматтарды калыптандыруу жана өз убагында сунуштоо, ошондой эле каржылык тартипти бекемдөөгө багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
