«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин миссиясы
«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин МИССИЯСЫ — коомдун өнүгүүсү үчүн билимди баалуулукка айландырууга жөндөмдүү, өзгөрүүлөргө ачык, эркин ой жүгүрткөн, эл аралык деңгээлде таанылган адистерди даярдоо.
«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин келечектеги өнүгүүсү
«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин келечектеги өнүгүүсү – «Инсандын жана коомдун ар тараптуу өнүгүшүнө көмөктөшүүчү билим берүүнүн, изилдөөнүн, ишкердиктин жана консалтингдин эл аралык деңгээлде таанылган борбору болуу».
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДАНДЫРУУ САЯСАТЫ
«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин билим берүүнүн сапатын камсыздандыруу саясаты «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин 2025-2030-жылдарга карата өнүгүү стратегиясынын негизинде иштелип чыккан. Сапатты камсыздоо саясаты университеттин улуттук жана эл аралык билим берүү жана илимий-изилдөө кызматтарынын базарында атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында анын ишмердүүлүгүн андан ары өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган. «КЭАУ» жетекчилиги сапат жаатындагы саясатты ишке ашырууга жооптуу жана аны ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуунун жана жакшыртуунун жана СБС талаптарына ылайык келүү боюнча милдеттенмелердин кепилдиги болуп саналат. Саясат башкаруунун бардык деңгээлдеринде ишке ашырылат, зарыл болгон учурда талданып жана кайра каралышы мүмкүн. Мында ар бир кызматкер аткарылган иштин сапаты үчүн өз ыйгарым укуктарынын чегинде жеке жоопкерчилик тартат.
«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин стратегиялык максаты
«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин өнүгүү стратегиясынын негизги максаты билим берүү программаларынын сапатынын жогорку деңгээлин, эл аралык коомчулукта бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кесиптик суроо-талапты камсыз кылган терең эл аралык интеграция, илимий, билим берүү жана инновациялык ишмердүүлүк менен университеттин туруктуу өнүгүүсү болуп саналат.
Билим берүүнүн сапатын камсыздоонун негизги милдеттери
- Инновациялык билим берүү университети.
- Илим-изилдөө жана консалтингдик ишмердүүлүк
- Инновациялык ишкердик чөйрө.
- Санариптик университет.
- Адам ресурстарын башкаруу.
- Корпоративдик башкаруу жана туруктуу өнүгүү.
Университеттин баалуулуктары:
- Процесстердин ачыктыгы жана айкындуулугу.
- Билим берүү, илим, бизнес жана коомдун байланышы.
- Окуп жаткандардын университеттин жашоосуна активдүү катышуусу.
- Туруктуу өнүгүү, социалдык жоопкерчилик жана патриотизм.
- Этикалык, үзгүлтүксүздүк, ийкемдүүлүк жана инклюзивдүүлүк принциптери.
- Туруктуу кесиптик өсүү.
Университеттин жетекчилиги төмөнкүлөрдү көздөйт:
Билим берүү кызматтарынын, илимий изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын жогорку сапатын камсыз кылуу, ишенимдүү өнөктөш катары «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин кадыр-баркын бекемдөө.
Кызматкерлер менен окуп жаткандардын сапат жаатындагы максаттарга жетүүгө толук кандуу катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү, аларга тиешелүү ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти берүү. Колдонуудагы талаптарга жооп берүү жана сапатты башкаруу тутумун тынымсыз жакшыртуу.
Жогорку жетекчилик төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттенет:
Университеттин ички процесстерин стратегиялык пландаштыруу жана башкаруу.
Сапатты башкаруу системасынын МС ISO 9001-2015 талаптарына шайкештиги жана анын натыйжалуулугун тынымсыз жогорулатуу.
Окутуу, жакшыртуу жана өзгөртүүлөр үчүн ресурстарды кошо алганда, керектүү ресурстарды бөлүштүрүү.
Университеттин процесстеринин ишмердүүлүгүнүн тобокелдиктерин баалоо жана тиешелүү алдын алуу чараларын аныктоо.
Кызматкерлердин жана студенттердин шарттарын социалдык жоопкерчилик кепилдиктерин түзүү жана коопсуздук шарттарын камсыз кылуу жана укуктук нормаларды сактоо аркылуу жакшыртуу.
Ар бир кызматкердин «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртууга кошкон чыгармачылык демилгесин жана салымын таануу.
