Мамлекеттик тилди сыйлоо ар бир адамдын милдети - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

Мамлекеттик тилди сыйлоо ар бир адамдын милдети

2021-жылдын башында UIC MUKда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү кызматы түзүлгөн. Ошондон бери университет мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана кеңсе иш агымын кыргыз тилине өткөрүү боюнча активдүү иштеп келет. Ушул жылдын декабрь айында бөлмө керектүү китептер менен камсыз болуп, расмий ачылышы 6-декабрда болду. Ачылыш аземине ректор профессор Э.Ю. Савченко, биринчи проректор А.С. Дооталиев жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректор профессор М.М. Мадалиев баштаган университеттин жетекчилери чакырылды. Алар кызыл лентаны кесип, мамлекеттик тил бөлмөсүн расмий түрдө ачышты. Жетекчилик кызматтын жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректордун ишине оң пикирлерин билдиришти.