“Кара деңиз илими 2022” эл аралык сынагы - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

“Кара деңиз илими 2022” эл аралык сынагы

ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕРДИН ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ СЫНАГЫ

“КАРА ДЕҢИЗ ИЛИМИ 2022”

Одесса Улуттук Технологиялык Университети (ОНТУ, Украина) тарабынан өткөрүлүүчү “Маалыматтык технологиялар, автоматташтыруу жана робототехника” боюнча аралыктан окутуу сынагына арыздарды кабыл алуу башталды.

Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2022-жылдын 1-февралы.

“Маалыматтык технологиялар, автоматташтыруу жана робототехника” категориясындагы бардык тапшырылган жана каралып чыккан макалалар ОНДУда жыйнакта жарыяланат жана Академиянын репозиторийинде жеткиликтүү болот. Эң мыкты макалалар Central European Researchers Journal журналында же “Технологиялык жана бизнес-процесстерди автоматташтыруу” журналында акысыз жарыяланат.

Бардык катышуучулар жана долбоордун менеджерлери сертификаттарды, ал эми жеңүүчүлөр дипломдорду жана баалуу сыйлыктарды алышат (демөөрчүлөр – Украинанын IT компаниялары тарабынан берилет).

Сынакка катышуу үчүн алдын ала http://pk.onaft.edu.ua/iscregister/index.php?route=register дарегине катталып, 2022-жылдын 1-февралына чейин өз ишиңизди электрондук түрдө autoblacksea@gmail.com дарегине жөнөтүңүз. Сынактын тилдери – англис жана украин тилдери; иштер англис тилинде гана тапшырылышы керек (15 беттен ашпашы керек).

Сынак тууралуу кошумча маалыматты http://isc.onaft.edu.ua/?lang=en веб-сайтынан тапса болот.

Катышуучулар жана чыгармалар үчүн талаптар: http://isc.onaft.edu.ua/requirements/?lang=en.


Урматтоо менен, Элзат Мамытканова +996 559 630311 www.iuk.kg