«Кыргызстан эл аралык университети» ОИӨК КэББМ жана А.К. Кусаинов атындагы Евразия гуманитардык институту (Казакстан) «Экономика» багыты, “Каржы” профили боюнча биргелешкен билим берүү жана бакалавриаттын майнор программасын ишке ашыруу тууралуу келишимге расмий түрдө кол коюшту.
Өнөктөштүк Кыргызстандын Эл аралык университетинин ректору Савченко Елена Юрьевна жана Евразия гуманитардык институтунун ректору Ныгыманова Нурбану Токеновна тарабынан демилгеленип, эки республиканын эмгек рыногунда студенттер үчүн кеңири кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
2026-жылдын 21-майында “Менеджмент жана экономика” кафедрасында “Заманбап финансист – эл аралык кызматташтыктын алкагында кесиптик компетенцияларды калыптандыруу” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага “Экономикалык жана математикалык дисциплиналар” кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, профессор Тажбенова Гульжан Дальтоновна, доцент Мажитова Бахыт Бекежановна жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө биргелешкен программаны ишке ашыруунун төмөнкү негизги аспектилери талкууланды:
- Билим берүү стандарттарын интеграциялоо жана программаларды шайкеш келтирүү
- «2+2» академиялык мобилдүүлүк модели
- Студенттерди тандоо механизмдери жана талаптар
- Билим алуунун каржылык жеткиликтүүлүгү жана студенттерди колдоо
- Сертификаттарды берүү жана квалификацияны тастыктоо
- Долбоорду башкаруу жана координациялоо
Бул талкуулар Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын бирдиктүү экономикалык мейкиндигинде натыйжалуу иштей алган финансисттерди даярдоого негиз түздү.

