Ислам таануу институту
Ислам таануу институту 2018-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин алдында ачылган. Жогоруда аталган институт Кыргызстан эл аралык университетинин жетекчилигинин демилгеси менен ачылып, мамлекет тарабынан колдоого алынган.
Ислам таануу институту Кыргызстандын эле эмес, дүйнөлүк эмгек базарында да суроо-талапка ээ болгон, заманбап шарттарга ылайыкташкан ар тараптуу өнүккөн адистерди даярдайт. Азыркы дүйнөдө “мусулмандар сабатсыз”, “мусулмандар ишенимден башка эч нерсе билишпейт” деген сыяктуу стереотиптерден баш тартууга убакыт келди жана окуу жайдын максаттарынын бири – мусулмандардын жогорку интеллектуалдык деңгээлин далилдөө.
Ислам таануу институту жалпысынан беш багыт боюнча иш алып барат. Булар: теология, дин таануу, ислам банкинги, ислам экономикасы жана ислам укугу. Эгерде Дин таануу багыты бардык диндерге көбүрөөк көңүл бурса, Теология исламды илим катары изилдейт.
Кыргызстан эл аралык университети Сауд Арабиясы, Иран жана Түркия менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон. Келечекте бул кызматташтык кеңейтилет.
