Жасалма интеллект лабораториясы - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

Жасалма интеллект лабораториясы

Жасалма интеллектлабораториясы

(Artificial Intelligence Laboratory)

Жасалма интеллект лабораториясы (ЖИЛ, AILab) жасалма нейрондук тармактарда (ЖНТ) курулган интеллектуалдык компьютердик системаларды түзүү жаатында фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

ЖИЛ – бул илимий-окуу лабораториясы, анын ишине катышуу компьютердик илимдердин эң кызыктуу жана келечектүү багыттарынын бири – жасалма интеллект менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ЛАБОРАТОРИЯНЫН МАКСАТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ:

ЖИЛдин ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – изилдөөлөрдүн негизинде ЖНТга негизделген интеллектуалдык компьютердик системаларды түзүү жаатындагы илимий-изилдөө, билим берүү жана инновациялык потенциалды интеграциялоо жана биргелешкен эл аралык долбоордук ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууну жана илимий билимдерди жайылтууну камтыган комплекстүү иштерди аткаруу.

ЖИЛ тарабынан чечилүүчү милдеттер адамдын ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө начар формалдаштырылган маселелерди интеллектуалдык чечүү методдорун жана алгоритмдерин иштеп чыгуу, апробациялоо жана практикалык ишке ашыруу болуп саналат.

ЖИЛ ЧЕЧҮҮЧҮ НЕГИЗГИ МАСЕЛЕЛЕР:

  • ЖНТ түзүү жаатында фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаңы ыкмаларды жана технологияларды иштеп чыгуу;
  • медициналык кибернетиканын актуалдуу маселелерин чечүү үчүн колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  • студенттердин, ойлоп табуучулардын жана иштеп чыгуучулардын, чыгармачыл жаштардын изилдөө иштерин жана долбоорлорун ишке ашыруу үчүн аянтча берүү;
  • илимий-билим берүү жана инновациялык багыттагы иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • эл аралык жана улуттук илимий-изилдөө программаларын аткарууга катышуу;
  • магистранттарды жана аспиранттарды, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жаңы технологиялар менен иштеп чыгууларды киргизүү үчүн ЖИЛде иштөөгө тартуу;
  • техникалык, илимий-инновациялык жана билим берүү маселелерин биргелешип чечүү, жаңы технологияларды, инновациялык продукцияларды түзүү жана өздөштүрүү максатында улуттук илимий, окуу, технологиялык жана өнөр жай уюмдары, ишканалары, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү;
  • илимий-техникалык, маалыматтык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
  • мамлекеттик жана мамлекеттик эмес илимий фонддордун жана уюмдардын программаларынын жана долбоорлорунун алкагында илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга катышуу;

Лаборатория өз ишин долбоордук принцип боюнча жүргүзөт, башкача айтканда, ар бир катышуучунун конкреттүү максаты жана мөөнөтү бар өзүнчө долбоорунун алкагында иштейт. Бул теориялык жана практикалык компоненттерди ийгиликтүү айкалыштырууга жана билим, көндүм жана жөндөмдөрдө максималдуу прогресске жетүүгө мүмкүндүк берет.

Лабораториянын менторлору – илим менен алектенүү жөн гана кумар эмес, кесиптик ишмердүүлүгү да болгон окумуштуулар. Алар жасалма интеллект жаатында изилдөө долбоорлорун ишке ашырып жаткан активдүү илимий кызматкерлер. ЖИЛ студенттери тарабынан аткарылган бардык долбоорлор дал ушул “чоң” долбоорлорго байланыштуу.

Студенттердин ЖИЛдин ишине катышуусу квалификацияны жогорулатууга, жаңы билим жана көндүмдөрдү алууга, чыныгы илимий долбоордун үстүндө иштөөгө катышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Биз «Кыргызстан эл аралык университетинин» АОК консорциуму маалыматтык технологиялар жаатында билим алган студенттери, ошондой эле Бишкек шаарындагы бардык техникалык ЖОЖдордун студенттери менен иштейбиз (негизги талап – насаатчы менен жеке байланышуу мүмкүнчүлүгү). Биздин насаатчылар сабак берген ЖОЖдордун студенттери ЖИЛде аткарылган долбоорлорду курстук иш, практика, диплом ж.б. катары эсептете алышат.

Бардык кызыктырган суроолоруңузду ai_lab_iuk@gmail.com дарегине жазып жөнөтсөңүз болот.

Жасалма интеллект лабораториясы өз ишин «Кыргызстан Эл аралык университети» АОК консорциумунун колдоосу менен жүргүзөт.

Жасалма интеллект лабораториясынын кызматкерлери

Илимий жетекчи

 

Миркин Евгений Леонидович

  • техника илиминин доктору, профессор
  • «КЭАУ» ОИϴКнын Компьютердик маалымат системалары кафедрасынын башчысы
  • «КЭАУ» АОК, КРСУ, КМТУда сабак берет
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: башкаруунун адаптивдик системалары, системалык анализ жана чечим кабыл алуу теориясы, жасалма интеллект, медицинадагы маалыматтык системалар

Насаатчылар (менторлор):

Савченко Елена Юрьевна

  • техника илиминин доктору, профессор
  • “КЭАУ” ОИϴКнын ректору
  • “КЭАУ” АОКнын докторанты
  • “КЭАУ” АОК, КРСУда сабак берет
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: жасалма интеллект, чечим кабыл алуунун интеллектуалдык системалары, билимди текшерүүнүн интеллектуалдык системалары, когнитивдик агенттер

Волкович Олег Викторович

  • медицина илимдеринин кандидаты
  • Чүй облустук бириккен ооруканасынын врач-анестезиологу
  • изилдөөчү-эксперт
  • “КЭАУ” АОКда докторант
  • Илимий кызыкчылыктар чөйрөсү: интеллектуалдык чечим кабыл алуу системалары, медициналык кибернетика.

Мусакулова Жылдыз Абдыманаповна

  • техника илимдеринин кандидаты, доцент
  • КРЭАУнун «Программалык инженерия» кафедрасынын доценти
  • «КЭАУ» АОК, КРСУда сабак берет
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, чечим кабыл алуунун интеллектуалдык системалары, медицинадагы маалыматтык системалар.

Нежинских Сергей Сергеевич

  • техника илимдеринин кандидаты
  • «КЭАУ» ОИϴКнын “Компьютердик маалыматтык системалар” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу
  • «КЭАУ» АОКда сабак берет
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, чечим кабыл алуунун интеллектуалдык системалары, медицинадагы маалыматтык системалар.

Айдралиев Акылбек Орузбаевич

  • Изилдөөчү, PhD изденүүчүсү
  • «КЭАУ» ОИϴКнын “Компьютердик маалыматтык системалар” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу
  • “КЭАУ” АОК, КМТУда сабак берет
  • Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү: маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект, чечим кабыл алуунун интеллектуалдык системалары, медицинадагы маалыматтык системалар.

Долбоорлор:

  • Илимий-изилдɵɵ жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулардын (ИИжТКИ) жыйынтыктарын өндүрүшкө киргизүүгө катышуу:
  • Чохральский ыкмасы менен монокристаллдык кремний өстүрүү үчүн Редмет–30 түзүлүшүн автоматтык башкаруу системасы. “ОсООКХМЗ-Астра”. (Тоо-кен металлургия комбинаты, Орловка шаарчасы, Кыргызстан) (2008-ж.).
  • Баш мээнин электроэнцефалограммасынын маалыматтарын классификациялоочу автоматташтырылган система. Бишкек шаарынын функционалдык диагностика медициналык борбору (2013-ж.).
  • ЭЭМ үчүн программа: «SEISMIC INTENSITY». Сейсмикалык термелүүлөрдүн интенсивдүүлүгүн ыкчам аныктоо үчүн программалык-алгоритмдик каражаттар. КР УИА Сейсмология институтунун эсептөө борбору (2015-ж.).
  • ЭЭМ үчүн программа: «DILEUS». Ичегинин ɵтпɵстүгү оорусун аныктоо үчүн программалык-алгоритмдик каражаттар. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Реконструктивдүү-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борбору, Бишкек ш. (2016-ж.)
  • ЭЭМ үчүн программа: «INTUBATION». Трахеянын интубациялоонун кыйынчылыгын диагностикалоо үчүн программалык-алгоритмдик каражаттар. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Реконструктивдүү-калыбына келтирүүчү хирургиясы илимий борбору, Бишкек ш. (2016-ж.)
  • «MEDARGUS» – анестезиология жана реанимация бөлүмдөрүндөгү бейтаптардын абалын каттоо жана болжолдоо боюнча интеллектуалдык система. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Реконструктивдүү-калыбына келтирүүчү хирургиясы илимий борбору, Бишкек ш. (2017-2019-жж.)