Этнология илим-изилдее институту - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

Этнология илим-изилдее институту

ЭТНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ

2007-жылдын башында Кыргызстан эл аралык университети АКШ/Юта штатынын Солт-Лейк-Сити шаарында жайгашкан Юта Генеалогиялык Коому менен биргеликте Кыргызстандын Генеалогиялык Коомун уюштуруу жөнүндө макулдашуу-келишимин түзүшкөн, тарыхты, этнографияны, ошондой эле үй-бүлөлүк тарыхты изилдөө жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүү максатында (кеӊеш берүүнү өткөрүү, тажрыйба алмашуу, үй-бүлөлүк тарыхты изилдөө). Буга байланыштуу Кыргызстан эл аралык университети этнология институтун түздү, ал Юта генеалогиялык коому менен КЭАУнун ортосунда иштелип чыккан жана кол коюлган кыргыз элинин келип чыгышын изилдөө боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу боюнча ишти координациялайт. Институт этнографиялык жана генеалогиялык материалдарды чогултат жана кыргыз элинин этногенези көйгөйү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Чогултулган материалдарды документтештирүү, ошондой эле маалымат базасын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтеринин архивин түзүү боюнча иштерди жүргүзөт.

Институттун максаты: кыргыз элинин келип чыгышы жана калыптанышы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле тарыхты, этнографияны жана үй-бүлөлүк тарыхты изилдөө жаатындагы илимий долбоорлорду жана изилдөөлөрдү ишке ашырууга көмөк көрсөтүү (кеӊеш берүү, үй-бүлөлүк тарыхты изилдөө тажрыйбасы менен алмашуу).

Институттун негизги милдеттери:

  1. Археологиялык, тарыхыйграфиялык, этнографиялык материалдардын негизинде кыргыз элинин тарыхы жана келип чыгышы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
  2. Кыргыздардын этногенезин молекулярдык биология жаатындагы жаңы технологияларды, жаңы методдорду колдонуу менен изилдөө;
  3. Кыргыз элинин келип чыгышы жөнүндө этнографиялык жана генеалогиялык материалдарды чогултуу, аларды документтештирүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтеринин маалымат базасын жана архивин түзүү.

— Кыргыз элинин этногенетикалык байланыштарын Борбордук Азиянын башка уруулары менен изилдөө;

— Он, сол, ичкилик урууларынын келип чыгышын аныктоо;

— Байыркы кыргыздардын Борбордук Азиянын башка түрк элдери менен болгон этногенетикалык байланыштарын аныктоо: хакастар, алтайлыктар, тувалыктар, башкырлар, каракалпактар, казактар, түркмөндөр, уйгурлар, өзбектер.

  1. Кыргыз элинин тарыхынын актуалдуу маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияларды жана тегерек столдорду өткөрүү.
  2. Кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын жайылтуу.

Учурда Кыргызстандын Генеалогиялык Коому 2 түрдүү ишмердүүлүктү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Алардын бири – архивдик документтерди микрофильмдөө. Кыргызстандын Генеалогиялык Коомунда атайын микрофильмдөөчү камера бар, ал учурда ЗАГС архивинде турат. Экинчи ишмердүүлүк – оозеки тарых (Oral History) долбоору. Бул долбоор боюнча Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында үй-бүлөлүк тарых боюнча маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу жүргүзүлүүдө.

Молекулярдык биологиянын жаңы ыкмалары менен Кыргыз Республикасынын ар кайсы улуттагы (кыргыз, дунган, тажик) 200 жаранынын ДНКсы изилденди.