«Кыргызстандын белгилүү кытай таануучулары» аттуу жаңы биографиялык басылманын бет ачар аземи
2026-жылдын 22-майында Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ата мекендик кытай таануунун жана кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон окумуштууларга, окутуучуларга, котормочуларга жана изилдөөчүлөргө арналган «Кыргызстандын белгилүү кытай таануучулары» аттуу жаңы биографиялык басылманын бет ачар аземи болуп өттү.
Долбоордун негизги максаты — ата мекендик кытай таануучулардын илимий мурасын сактоо, алардын эмгектерин кеңири жайылтуу жана жаштардын кытай тилин, маданиятын жана тарыхын үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.
Ошондой эле «Мамлекеттик жана чет тилдер» кафедрасынын башчысы Мамбеталиева С. Ч. кытай тилинин өнүгүшүнө салым кошкон ата мекендик кытай таануунун өкүлү катары аталган басылмага киргизилгенин белгилеп кетебиз.





