2026-жылдын 28-майында «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин илим жана эл аралык байланыштар боюнча проректор Байходжоев М.С. менен University of Caen Normandy өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө илимий изилдөөлөр, биргелешкен билим берүү демилгелери, академиялык мобилдүүлүк жана эл аралык өнөктөштүктүн башка багыттары боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.
Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү. Тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана биргелешкен эл аралык демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Коноктор үчүн ошондой эле «КЭАУ» ОИӨК КэББМдин кампусу боюнча экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө Кан университетинин өкүлдөрү окуу инфраструктурасы, билим берүү чөйрөсү, университеттин бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү жана студенттер менен окутуучулар үчүн түзүлгөн заманбап мүмкүнчүлүктөр менен таанышты.
Жолугушууга Кан университетинен (Франция) төмөнкүлөр катышты:
- Мария Кастильо — коомдук укук кафедрасынын доценти
- Амандин Кайоль — жеке укук боюнча профессор
«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин төмөнкүлөр катышты:
- Ибраева А.Т. — Билим берүү департаментинин директору;
- Волкотрубова А.В. — магистратуранын деканы;
- Молдокеева Ж.Ф. — эл аралык бөлүмдүн башчысы..




