Бүгүн «Жайкы университет – 2026» эл аралык билим берүү программасынын катышуучулары менен багыттоочу жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө студенттер алдыдагы сапардын программасы, уюштуруу маселелери менен таанышып, окуу башталганга чейин бардык керектүү маалыматтарды алышты.
Быйыл катышуучулар Россиянын үч алдыңкы университетинин базасында билим алышат:
📍 Урал федералдык университети (УрФУ);
📍 Сибирь федералдык университети (СФУ);
📍 Казан (Приволжск) федералдык университети (КФУ).
Жолугушууга төмөнкүлөр катышты:
- Эл аралык бөлүмдүн башчысы Молдокеева Ж.Ф.;
- Борбордук кампустун деканы Ирискулбеков Э.Б.;
- Чыгыш кампустун деканы Бексултанова Г.А.;
- Чыгыш кампустун деканынын орун басары Уметалиева Н.Ш.;
- Билим берүү секторунун башчысы Эленова Т.А.;
- Эл аралык бөлүмдүн жетектөөчү адиси Догдурбаева К.А..
Жолугушууда катышуучулар сапарга даярдык, жашоо, окуу процесси жана маданий программа боюнча маселелерди талкуулашты. Студенттер бардык кызыккан суроолоруна жоопторду жана окуу башталганга чейин сунуштарды алышты.
Биздин студенттерге жаркын таасирлерди, жемиштүү окууну, жаңы таанышууларды жана программага ийгиликтүү катышууну каалайбыз
