«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин студенти «Франкофония жазы» сынагынын жеңүүчүсү - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин студенти «Франкофония жазы» сынагынын жеңүүчүсү

 Биздин 4-курстун ПП2-22 тобунун студенти Солодовникова Екатерина жыл сайын өтүүчү «Франкофония жазы» эл аралык маданий фестивалынын алкагында өткөн чечендик өнөр сынагында жеңишке жетип, 1-орунду ээледи.

«Франкофония жазы» – бул француз тилине жана франкофон өлкөлөрүнүн маданиятына арналган жыл сайын өтүүчү маданий майрам. Аны уюштурууга франкофон мамлекеттеринин дипломатиялык миссиялары жана Франкофония эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөр катышат, ал эми иш-чаралардын негизги демилгечиси катары салттуу түрдө Франциянын Элчилиги чыгат.

Фестивалдын алкагында франкофон тасмаларынын көрсөтүүлөрү, чыгармачыл сынактар, жолугушуулар, көргөзмөлөр жана француз тилин жайылтууга жана маданий диалогду өнүктүрүүгө багытталган билим берүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Екатерина француз тилин жогорку деңгээлде билгендигин, коом алдында сүйлөө жөндөмүнүн жогору экендигин жана чечендик өнөрүнүн көркөмдүгүн көрсөттү.

Бул жеңиш биздин университетибиздин сыймыгы жана МУКтагы тилдик даярдыктын жогорку деңгээлинин далили. Екатеринанын ийгилиги биздин жогорку окуу жайыбыздын эл аралык беделин бекемдейт жана башка студенттерди жаңы академиялык жетишкендиктерге шыктандырат!

Солодовникова Екатеринаны татыктуу 1-оруну менен куттуктайбыз жана жаңы жаркын жеңиштерди каалайбыз!