Магистрдик программалар жөнүндө - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

Магистрдик программалар жөнүндө

Магистратура

Магистратура – бул адистердин жана бакалаврлардын квалификациясын жогорулатуу тутуму болуп саналган билим берүүнүн жаңы деңгээли. Магистратурада окуу кесиптик көндүмдөрдү жана компетенттүүлүктөрдү алууну камтыйт. Магистр өзүн илимде ишке ашыра алат, аналитикалык, тутумдук жана долбоордук көндүмдөрдү, ошондой эле билгичтиктерди талап кылган кызматтарды ээлей алат, башкаруучулук, өндүрүштүк жана социалдык-экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзө алат.

Магистратурага толук жогорку билими бар адамдар (бакалавр же адис диплому барлар) кабыл алынат.

Лицензиялар:

  • Күндүзгү окуу түрү – Лицензия №LD170001558
  • Күндүзгү окуу түрү – Лицензия №LD170001580
  • Сырттан окуу түрү – Лицензия №LD170001507

«КЭАУ» ОИӨКнын Магистратурасындагы багыттар:

  • 710100 «Информатика жана эсептөө техникасы», күндүзгү окуу;
  • 710200 «Маалыматтык системалар жана технологиялар», күндүзгү окуу;
  • 531100 «Лингвистика», күндүзгү окуу;
  • 530800 «Эл аралык мамилелер», күндүзгү окуу;
  • 521500 «Менеджмент», күндүзгү жана сырттан окуу;
  • 531500 «Аймак таануу», күндүзгү окуу;
  • 540200 «Социалдык иштер», күндүзгү жана сырттан окуу;
  • 531000 «Филология», күндүзгү окуу;
  • 530100 «Философия», күндүзгү окуу;
  • 580100 «Экономика», күндүзгү жана сырттан окуу;
  • 530500 «Юриспруденция», күндүзгү жана сырттан окуу.

«КЭАУ» ОИӨКнын Магистратурасында окуунун артыкчылыктары:

  • Жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу профессордук-окутуучулук курам, алардын 80%дан ашыгы илимий даражаларга жана наамдарга ээ;
  • Чет өлкөлөрдө таанылган магистр диплому;
  • Аспирантурада жана PhD докторантурада окууну улантуу мүмкүнчүлүгү;
  • Илимий жана окутуучулук ишмердүүлүктү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү;
  • Ар бир магистрантка жекече мамиле кылуу;
  • Карьералык өсүү келечеги.

Магистрдик программага тапшыруу укугу тиешелүү багыт боюнча «бакалавр» академиялык даражасы ыйгарылган жогорку кесиптик билими тууралуу мамлекет тарабынан бекитилген документи бар же «адис» квалификациясы менен жогорку кесиптик билимге ээ болгон адамдарга берилет.

Магистрлерди даярдоо программалары боюнча ченемдик окуу мөөнөтү:

  • Күндүзгү окуу түрү боюнча – 2 жыл;
  • Сырттан окуу түрү боюнча – 2,5 жыл.

Кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтер:

  • Өздүгүн жана жарандыгын ырастаган документти көрсөтүү менен жеке арыз;
  • Жогорку билим тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү дипломдун (бакалавр же адис) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
  • Паспорттун көчүрмөсү.

Эскертүү: Магистратурага кабыл алуу маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.