- Чыгыш Кампус Факультети
- Докторантура (PhD)
- Магистрдин деканаты
- Билим берүү бөлүмү
- Мониторинг жана сапат бөлүмү
- Эл аралык бөлүм
- Маданий-билим берүү жана тарбиялык иштер борбору
- Илим бөлүмү
- Маалыматтык технологиялар жана санариптештирүү бөлүмү
- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү кызматы
- Мультимедиялык дистанттык билим берүү институту
- Кадрлар бөлүмү
- Бухгалтердик эсеп бөлүмү
- Илим китепканасы
- Өнүктүрүү бөлүмү
- Техникалык тейлөө бөлүмү
- Ден соолук комплекси
- Архив
Магистранттардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн жалпы милдеттери
Магистранттардын илимий-изилдөө иши (ИИИ) — алган билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн практикада колдоно билген, жогорку билимдүү кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуунун эң маанилүү каражаттарынын бири болуп саналат. Магистранттарды илимий-изилдөө иштерине тартуу алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык потенциалын азыркы илимдин актуалдуу маселелерин чечүүдө колдонууга мүмкүндүк берет.
«Кыргызстан эл аралык университети» ОИӨКнын магистранттарынын илимий-изилдөө иштеринин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- Илимий таануу ыкмаларын өздөштүрүү, окуу материалдарын терең жана чыгармачылык менен кабыл алуу;
- Илимий маселелердин өз алдынча чечүү методикасына, каражаттарына жана жамаатта (коллективде) иштөө көндүмдөрүнө үйрөтүү; алардын иштерин уюштуруу методдору менен тааныштыруу;
- Магистранттардын илимий жыйынтыктарды сабаттуу тариздөө (оформление) жана сунуштоо жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.
Магистранттардын илимий-изилдөө иши окуу процессинин уландысы жана тереңдетилиши болуп саналат жана түздөн-түз кафедраларда уюштурулат. Илимий-изилдөө иштерине жетекчиликти ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамы жүргүзөт.
Магистранттардын илимий-изилдөө иштери, окуу процессине киргизилген, окуудан тышкары убакта аткарылуучу жана окуу процесси менен параллелдүү жүргүзүлүүчү илимий-изилдөө иштерине бөлүнөт.
Окуу процессине киргизилген магистранттардын илимий-изилдөө иштери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Илимий изилдөөлөрдүн элементтерин камтыган тапшырмаларды, бүтүрүүчү квалификациялык иштерди (магистрдик диссертацияларды) аткаруу;
- Практика өтүү мезгилинде илимий-изилдөө мүнөзүндөгү конкреттүү, типтүү эмес тапшырмаларды аткаруу;
- Атайын курстардын алкагында илимий изилдөөлөрдүн методикасынын, коюлушунун, уюштурулушунун жана аткарылышынын теориялык негиздерин, илимий экспериментти пландаштырууну жана уюштурууну, илимий маалыматтарды иштеп чыгууну үйрөнүү.
Окуу процессине параллель жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштери
магистранттардын «Кыргызстан эл аралык университети» ОИӨКнын кафедраларынын ишмердүүлүгүнүн алкагында аткарылуучу жеке пландар боюнча иштөөсүн болжолдойт.
Магистранттардын окуудан тышкары убакта аткарылуучу илимий-изилдөө иштери илимий-изилдөө жана илимий-педагогикалык практикалар түрүндө, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги (жогорку окуу жайлар аралык, аймактык, эл аралык) илимий иш-чараларга катышуу аркылуу уюштурулат. Аларга төмөнкүлөр кириши мүмкүн: илимий семинарлар, конференциялар, симпозиумдар, дисциплиналар боюнча олимпиадалар жана магистранттардын илимий жана окуу-изилдөө иштеринин конкурстары.
