«КЭАУ» ОИӨКнын Жаштар борборунда «КМТжБ» кафедрасы тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү «Брейн-ринг» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш-чараны «КЭАУ» ОИӨКнын ректору, т.и.д., профессор Елена Юрьевна Савченко ачты. Бул жылы турнирдин темасы программалык камсыздоону иштеп чыгуу чөйрөсүн активдүү өзгөртүп жаткан заманбап код жазуу үчүн AI-агенттерге арналды.
Интеллектуалдык таймашка «Информатика жана эсептөө техникасы» жана «Маалыматтык тутумдар жана технологиялар» багыттарынын 2-3-курстарынын студенттери катышты. Катышуучулар Windsurf, GitHub Copilot, Claude Code жана Cursor сыяктуу AI-агенттердин мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, чыгармачылык, ой жүгүртүү ылдамдыгы жана кесипкөйлүк боюнча күч сынашты.
Командалардын катышуусун эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана алдыңкы IT-компаниялардын эксперттеринен (алардын көбү «КМТжБ» кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү) куралган калыстар тобу баалады:
- Этьен Лансело — Франциянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин маданият боюнча атташеси.
- Хуа Хао — HUAWEI компаниясынын кардарлар менен иштөө боюнча менеджери.
- Козлов Дмитрий Сергеевич — Beeline компаниясынын технологиялык IP-түйүнүн эксплуатациялоо боюнча улук эксперти.
- Ромахов Владислав Викторович — НУР Телеком компаниясынын программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана өнүктүрүү кызматынын жетекчиси.
- Салайдин уулу Данияр — Дос-Кредобанктын Senior Fullstack-инженери, ошондой эле Coderbooks.kg долбоорунун негиздөөчүсү.
🎯 Оюндун программасы бир нече этапты камтыды:
✔ «Саламдашуу» конкурсу — команданы жана AI-агентти тааныштыруу.
✔ «Код жазуу үчүн AI-агенттер» темасында видеороликтер конкурсу.
✔ «Логомания» интеллектуалдык туру.
✔ «AI же адам» капитандык мелдеши.
🏆 Командалык иштин жана даярдыктын жогорку деңгээлин көрсөткөн CodeSurfers командасы Брейн-рингдин жеңүүчүсү болду.
🎁 Сыйлыктар:
✔ «КЭАУ» ОИӨК тарабынан 15 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык.
✔ Калыстар тобунун мүчөлөрүнөн атайын сыйлыктар жана программалоо боюнча китептер.
✔ Абитуриенттер үчүн белектер.
Иш-чарага IT жана Маркетинг багыттарынын 1-курсунун студенттеринин чыгармачылык номерлери өзгөчө маанай тартуулады. Уюштуруучуларга, калыстарга, катышуучуларга жана көрүүчүлөргө кызыктуу оюн үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Кийинки жолугушканга чейин! 🚀
