Бухгалтердик эсептин лидерлери - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

Бухгалтердик эсептин лидерлери

Чыныгы интеллектуалдык жеңиш Россиянын түндүк борборунда болду! Кубанычтуу жана чоң жаңылык менен бөлүшөбүз: 2026-жылдын 18-апрелинде Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университети тарабынан уюштурулган Я.В. Соколов атындагы XI Бүткүл россиялык студенттик бухгалтердик эсеп олимпиадасында «Кыргызстан эл аралык университети» ОИӨК КэББМ командасы командалык биринчиликте I орунду ээледи. Олимпиадага Россия Федерациясынан жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 43 окуу жайдын 686 студенти катышты.

«Экономика» багытынын Э-1-23 тайпасынын жана «Менеджмент» багытынын М-1-23 тайпасынын студент кыздары жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгын көрсөтүп, күчтүү атаандаштарын артта калтырып, ардактуу пьедесталдын бардык баскычтарын багындырышты.

Жеке биринчиликтеги жеңүүчүлөрүбүз:

  • Хань Сюе Сяо Цзюнь — I даражадагы диплом
  • Зарипбек кызы Бегимай — II даражадагы диплом
  • Абдырасулова Айжан Албановна — II даражадагы диплом
  • Исманалиева Мадина Исабаевна — III даражадагы диплом
  • Письмакова Мария Сергеевна — III даражадагы диплом

Мындай деңгээлдеги олимпиададагы жеңиш университетибиздин бухгалтердик эсеп тармагындагы эң татаал милдеттерди чече алган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоочу борбор экенин дагы бир жолу тастыктады.