Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 ПЖ Жарлыгы менен бекитилген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аттуу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан эл аралык университетинде маанилүү иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара “Жаштардын келечеги — билимдүү жана жаратман муундун колунда” деген ураан алдында уюштурулуп, ага ЖОЖдордун студенттери, окутуучулары жана коноктор катышып, ойлорун ортого салышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын ролу, заманбап билимдин мааниси, инновациялык ой жүгүртүүнүн зарылдыгы тууралуу кеңири сөз козголду. Иш-чарага КРнын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын тил саясаты бөлүмүнүн башкы адиси – А. К. Орозов, И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу, тарыхчы – С. Бекболотов жана илимий кырматкерлер, ЖОЖдордун проректорлору катышып, сунуш-пикирлерин айтып, ыраазычылыктарын билдирип кайтышты.



