Илимдин тили — улуттун келечеги! - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

Илимдин тили — улуттун келечеги!

2026-жылдын 21-октябрында Кыргызстан эл аралык университетинин окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинде «Мамлекеттик тилдин илимдеги орду» деген темада кереге кеңеш өттү.
Иш-чарага КР УИАнын илимий кызматкерлери жана жогорку окуу жайларынын профессорлору, докторлору жана окутуучулары катышып, кыргыз тилинин терминологиясын өнүктүрүү, заманбап изилдөөлөрдү мамлекеттик тилде жүргүзүү жана анын ЖОЖдордогу ролу боюнча олуттуу баяндама жасашты. Катышуучулар тил баарлашуунун гана куралы болбостон, илим менен билимдин пайдубалы экенин белгилешти.