«Кыргыз тилиндеги мыкты илимий тезис» сынагы - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

«Кыргыз тилиндеги мыкты илимий тезис» сынагы

2026-жылдын 8-октябрында «Кыргыз эл аралык университети» Окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинде магистранттардын, аспиранттардын жана PhD докторанттарынын арасында «Кыргыз тилиндеги мыкты илимий тезис» аттуу сынак өткөрүлдү.

Сынактын негизги максаты — кыргыз тилинин илимдин жана билим берүүнүн тили катары өнүгүшүнө салым кошууда жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүү, алардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун арттыруу, көмөктөшүү, ошондой эле актуалдуу илимий идеяларды мамлекеттик тилде сунуштоого жана талкуулоого шарт түзүү болду.

Сынактын алкагында катышуучулар укук таануу, педагогика, филология, медицина, социалдык иш жана тил илими багыттары боюнча илимий тезистерин мамлекеттик тилде сунушташты. Катышуучулардын баяндамаларын калыстар тобу баалап, тандалган теманын актуалдуулугун, илимий жаңылыгын, корутундулардын негиздүүлүгүн, баяндоонун логикалуулугун жана презентациясынын сапатын эске алуу менен мамлекеттик тил кызматы тарабынан ар биринин ишине карата сунуштар айтылды. Кыргыз тилин илимий коммуникацияда сабаттуу колдонууга өзгөчө көңүл бурулду. Сынактын жыйынтыгы боюнча мыкты катышуучулар сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.            Мындай иш-чараларды өткөрүү жаш изилдөөчүлөрдү колдоого, илимий маданиятты калыптандырууга жана заманбап илим менен билим берүү тармагында кыргыз тилин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.