«КЭАУ» ОИӨКде илимий наам ыйгаруу - Кыргызстан Эл аралык университетинин Чыгыш кампусу

«КЭАУ» ОИӨКде илимий наам ыйгаруу

2026-жылдын 28-майында «Кыргызстан Эл аралык университети» ОИӨКде Молдокеева Жеңишкүл Фридоновнага «Социология» адистиги боюнча доцент илимий наамынын аттестатын тапшыруу аземи болуп өттү. Ага доцент илимий наамын ыйгаруу анын жогорку кесипкөйлүгүн, көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн, илим менен билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымын баалоо болуп саналат. «КЭАУ» ОИӨКнин жамааты Молдокеева Жеңишкүл Фридоновнаны куттуктайт жана ага мындан ары да ийгиликтерди, жаңы илимий жетишкендиктерди, кесиптик өсүүнү каалайт.