«КЭАУ» ОИӨК КэББМдин делегациясы Синьцзян университетинде Туризм жана Лингвистика жаатындагы байланыштарды бекемдеди.
Үрүмчү ‒ 20-24-апрель, 2026 – жылы Кыргызстандын ЖОЖдорунун, анын ичинде Кыргызстан эл аралык университетинин (КЭАУ) өкүлдөрү Шинжаң университетинде (Конфуций институтунун долбоору) “Кытай тили — бул көпүрө” программасына катышышты.
«КЭАУ» ОИӨК КэББМден делегацияга Эл аралык туризм кафедрасынын башчысы Асанбекова Мээрим жана Лингвистика кафедрасынын башчысынын орун басары Сатыбалдиева Гүлмира кирди.
Визит туристтик жана лингвистикалык билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Катышуучулар студенттерге кытай тилин терең үйрөнүүнү, эл аралык туризм тармагындагы кесиптик көндүмдөр менен натыйжалуу айкалыштыра турган, биргелешкен билим берүү программаларын түзүүнү талкуулашты.
Жолугушуулардын жыйынтыгында академиялык алмашуу жана эки өлкө үчүн суроо-талапка ээ адистерди даярдоого өбөлгө түзгөн окутуунун инновациялык методикаларын киргизүү тууралуу макулдашуулар болду



