2026-жылдын 21-майында «КЭАУ» ОИӨКнын Жаштар борборунда магистратуранын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.
Бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөздөрү менен «КЭАУ» ОИӨКнын ректору Е.Ю. Савченко кайрылып, эң татыктууларына мамлекеттик үлгүдөгү артыкчылык дипломдорун жеке өзү тапшырды. Ал эми окуу-административдик иштер боюнча проректор С.Б. Карабалаева калган бүтүрүүчүлөрдүн баарына мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду тапшырды.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөр тарабынан өз ишине жан дили менен берилген окутуучулар курамына тереӊ ыраазычылыктарын сөздөрү билдиришти.
Бүгүн биздин магистрлер жөн гана дипломдорду алышкан жок, алар өз эмгегинин, туруктуулугунун жана өнүгүүгө болгон умтулуусунун тастыктоосун алышты.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр, билимиңер күч-кубатыңар болсун, ал эми кыялдарыңар — чындыкка айлансын! Эч качан жетишкен ийгиликтер менен токтоп калбай, жаңы бийиктиктерди ишенимдүү багындыра бериӊиздер!


